Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 18.09.2018 11:03 На русском

Өспүрүм тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 7 жаштагы кыздын ата-энесине 200 000 сом берилди

Turmush -  Аламүдүндө өспүрүм тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 7 жаштагы кыздын окуясы боюнча айылда аксакалдар соту өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Буга чейин да аксакалдар соту өтүп, жабырлануучунун ата-энесине өспүрүм баланын жакындарынан 200 миӊ сом өндүрүп берүү чечими кабыл алынган.

«Буга чейин айылда аксакалдар соту болуп, ошол жерде 200 миӊ сом өндүрүп берүү чечими кабыл алынган. 17-сентябрда өспүрүмдүн жакындары бизге 200 миӊ сом берип кетишти. Эми чынында аксакалдарды урматтап, эч нерсе деп унчуга албай калдык. Мындан ары иш кандай болот билбей турабыз.

Бала болсо 1-топтогу майып экен. Ал баланы үйүнөн кирип-чыкканын көрүп жүрөбүз. Мындай карасаӊ оорубаган баладай эле жүрөт. Кызымдын абалы жакшы. Бүгүн ооруканага кайра алып барып, анализдерди өткөрүп, текшерилип келдик. 20-сентябрда дагы бир операциясы болот», - деди апасы.

WhatsApp Image 2018-09-18 at 08.42.42 (1)

Окуя тууралуу:

20-июнда саат 20:55 чамасында Аламүдүн ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ооруканага Кызыл-Бирлик айылынын 2011-жылы туулган тургуну Д.С. оор абалда түшкөндүгү маалымдалган. Окуя болгон жерге оперативдүү топ барып, ошол эле күнү саат 17:00дө айылдашы — 2004-жылы туулган А.Д. жабырлануучуга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын аныкташкан.

Turmush басылмасына жабыркаган кыздын атасы Бекболсун [аты өзгөртүлдү] билдиргендей, окуя саат 17:30 - 18:00 чамасында болгон.

«Балдар адаттагыдай эле көчөдө ойноп жатышкан. Бир маалда ызы-чуу болуп, кызымдын оозуна бирөө арак куюуга аракет кылып жатканын айтып калышты. Мен чуркап баргыча, ал бала качып кетиптир. Эгерде кичинекей балдар көрбөгөндө эмне болмок билбейм. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ал кызыма карата колу же таяк менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы билине элек.

Ал өспүрүм оорулуу болгондуктан Аламүдүн районунда каттоодо турат экен. Мындай учурда ата-энеси баласын көзөмөлдөп турушу керек эле. Алар баласы тил албаганын айтышууда. Милицияга арыз менен кайрылдым. Баланын ата-энеси кечирим сурап, балабызды ооруканага жаткырабыз деп айтышууда», - деп билдирди атасы.

Тема боюнча: Өспүрүм тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 7 жаштагы кыздын окуясы боюнча жаңы жагдайлар

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×