Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 19.09.2018 16:02 На русском

Аламүдүндө көчөдө жалгыз жүргөн 2 жаштагы баланын ата-энеси 3 сааттан кийин табылды

Turmush -  Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында көчөдө жалгыз жүргөн 2 жаштагы бала милиция кызматкерлери тарабынан табылып, анын жакындарын 3 сааттан ашык убакыт издешкен. 2016-жылы төрөлгөн наристе ата-энесине аты-жөнү жана жашаган жери такталгандан кийин берилди.

Бул окуя Аламүдүн РИИБдин өпүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери «Коопсуз балалык» рейдин жүргүзүп жаткан учурда болгон.

Маалым болгондой, наристенин ата-энеси бул айылда ижарага алган батирде жашашат. Ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин топтолуп баштаган материалдар Аламүдүн райондук балдар менен иштөө комиссиясынын кароосуна берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×