Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 20.09.2018 15:57

Аламүдүндө Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү (сүрөт)

Turmush -  23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Аламүдүн райондук С.Чокморов атындагы маданият үйүндө майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чарага КРдин өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова, Аламүдүн райондук мамадминистрациясынын башчысынын орун басары Айбек Кулубаев райондук мамадминистрациянын аппарат жетекчиси Манас Касымбеков, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү, айыл аймак башчылары, мекеме жетекчилер жана райондун тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында райондук китепкананын көргөзмөсү, улуттук жасалгалар көргөзмөсү уюштурулуп, райондо жашаган ар улуттун өкүлдөрү улуттук тамактарды келген конокторго тартуулашты. Ар улуттун өкүлдөрүнө атайын сыйлыктар да ыйгарылды.

Аламүдүн райондук мамадминистрация башчысынын орун басары Айбек Кулубаев өз сөзүндө буларга токтолду: «Туура 29 жыл мурда 23-сентябрда Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынып, кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгон. Бул өзүбүздүн эне тилибизди бүт дүйнөгө таанытууга койгон алгачкы кадам болгон. Дүйнө жүзүндө 7 миллиарддан ашык адам жашаса, 7 миӊден ашык улут бар экен. Ушул 7 миӊдин ичинен 193ү мамлекеттүүлүккө ээ болгон. Улуттук тилин кабыл алган өлкөлөрдүн ичинде биздин мамлекет да бар. Биздин ата-бабаларыбыздан калган 2 чоӊ байлык бар. Биринчиси — мамлекетибиз, экинчиси — мына ушул эне тилибиз. Эне тилибиз менен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдой чыгаан инсандарыбыз бизди дүйнө жүзүнө таанытып келет. Эне тил менен маданиятыбызды, салтыбызды кагазга жазбай эле ооз эки сактап келгенбиз. Бардыгыӊыздарды бүгүнкү майрамыӊыздар менен куттуктайм», - деди ал.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова сөз сүйлөп жатып, дубан башчысы Туйгунаалы Абдраимовдун, облустук мамадминистрациясынын атынан Аламүдүндүн элин куттуктады.

Майрамдык саамалык анда ары концерт менен коштолду. Ырчылар оркестрдин коштоосунда чыгармаларын жана кыргыз бийдин түрлөрү тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×