Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 22.09.2018 13:53 На русском

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Ч.Тургунбекова керамикадан азем буюмдарды жасап, чет өлкөлөргө сатууда (сүрөт)

Turmush -  53 жаштагы Чынара Тургунбекова 18 жылдан бери керамикадан азем буюмдарды жасап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жасаган эмгектерин чет өлкөлүктөр баалап алып кетишет.

«Мен 1985-жылы Бишкек шаарындагы С.Чокморов атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын көркөм кол өнөрчүлөр жагын аяктагам. Кесибим менен иштеген жокмун. 2000-жылдан бери үйдөн жолдошум Арзымат экөөбүз керамикадан азем буюмдарды жасап, киреше таап келебиз. Эмгектеримди Казакстан жана Тажикстанга чейин көргөзмөгө алып баргам. 18 жылдан бери Кыргызстан ичинде буйрутмаларды алып, азем буюмдар, баалуу белектердин түрүн жасап, Россия, Германия, Казакстан, Тажикстан, Америкага чейин сатуудамын.

Мындан сырткары кийиз менен иштейм. Учурда кийизден баш кийимдерди, бут кийимдерди жана унаанын ичине салган төшөктөрдү жасайм. Кол өнөрчүлүккө жакын болуп калганымдын бирден-бир себеби атам Сабатбек сүрөтчү жана кийиз менен иштеген адам болчу. Ошондон өтсө керек деп ойлойм», - деди ал.

Ишмер айымдын жолдошу А.Абдыкаров экөөнүн баш кошконуна быйыл 34 жылдын жүзү болду. Алардын 4 баласы, 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×