Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 26.09.2018 14:07 На русском

Аламүдүндөгү базарда 55 жаштагы аял баңгизат менен кармалды

Turmush -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери 18-сентябрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы базарлардын биринде 55 жаштагы аялды баңгизат менен кармашты. Кармалган С.Д. Ысык-Көл облусунун тургуну экенин ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

С.Д.ны текшерүү учурунда сырткы кийиминин ички чөнтөгүнөн скотч менен оролуп, ныкталган кочкул жашыл түстөгү баңгизат салынган 25 даана таңгак табылган. Анын жалпы салмагы 400 граммды түзөт.

Экспертизанын жүрүшүндө аталган баңгизат гашиш экени аныкталган. Бул факты боюнча Бишкектин Биринчи май РИИБи Кылмыш-жаза кодексиндеги 247-берененин (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде кылмыш иш козгоду.

Алгачкы тергөөдө белгилүү болгондой, кармалган аял криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экени такталып, тергөө улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×