Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 02.10.2018 11:15 На русском

Аламүдүндө жүздөн ашкан 5 кары адамга 15 000 сомдон акчалай сыйлык берилди (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунда Карылар күнү белгиленди. Иш-чара Лебединовкадагы ресторандардын биринде өтүп, ага райондо жашаган ардактуу карылар чакырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, майрамга облус башчысынын орун басары Ализа Солтонбекова, Аламүдүн районунун акими Алтынбек Намазалиев, айыл аймак башчылары келип катышышты. Куттуктоо сөздөр айтылып, сый тамак менен бирге концерттик программа тартууланды. 100 жаштан ашкан апалар менен аталарга облус башчысынын атынан 10 000 сомдон, акимдин атынан 5000 сомдон акчалай сыйлыктар берилди. Район боюнча 100 жашка толгон 5 кары адам бар.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, облус боюнча жүздөн ашкан 15 кары адам бар.

«Биз райондордо Карылар күнүнө карата бир айлык иш-чара жарыяладык. Ар бир айыл аймактарда салтанаттуу иш-чаралар өтөт. КРдин өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү 100 жаштан ашкан 15 кары адамдын ар бирине 10 миӊ сомдон акча каражатын бөлдү. Ал 15 кары адамдардын басып өткөн өрнөктүү жолу баарыбызга сабак болуп берет. Көпчүлүгү өмүр бою оор жумушта талыкпай эмгектенип, оор күндөрдү башынан кечиришкен. Айрымдары 10 баладан өйдө төрөп, баатыр эне болушту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×