Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 03.10.2018 13:12 На русском

Аламүдүндө 14 жаштагы Алмазбек уулу Тилектеш изделип жатат (фото)

Turmush -  Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери 14 жаштагы Алмазбек уулу Тилектешти издеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Чүй ОИИБден кабарлашты.

Ата-энесинин айтымында, баланы акыркы жолу 1-октябрда Лебединовка айылындагы №366 аймактан көрүшкөн.

Белгилери: боюнун узундугу 160-170 см, чачы кара, кыска. Көзү кара, кырдач мурун.

Кийимдери: боз-кара түстөгү күрмө, сары футболка, жашыл сызыктары бар спорттук шым. Кара түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгилери: Көзүнүн көрүүсү үчүн көз айнек тагынат.

Тилектешти көргөндөр болсо 0(312) 36-35-27, 0(550) 51-09-05, 0(704) 31-25-05, 0(552) 90-91-63 же 102 номурлары аркылуу милицияга кабарлап койсо болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×