Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 06.10.2018 15:24

Аламүдүндө 19 жаш мугалим акчалай сыйлык менен сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  2018-жылдын 4-октябрында Аламүдүн районунун Лебединовка айылында жайгашкан ресторандардын биринде мугалимдер күнүнө карата райондук салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен жалпысынан 300 мугалим катышты. Алардын ичинде 19у жаш мугалимдер болду.

Майрамдык иш-чара эки бөлүктөн туруп, расмий бөлүгүндө КРдин өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаш муундарга билим берүүдө кошкон талыкпас эмгеги үчүн А.Жумагулов атындагы Көк-Жар орто мектебинин математика сабагынын мугалими Алиева Алтынбүбү Жумакадыровнаны Чүй облусунун «Кеменгер» ардак белгиси менен сыйлады, ал эми А.Айдаралиев атындагы Кайырма орто мектебинин директору Мамбетова Кызылгүл Шаршеновна жана Алтын-Бешик мектепке чейинки билим берүү мекемесинин башчысы Күмүшбекова Зулайка Токоновнаны Чүй облусунун ардак грамотасы менен сыйлады. Мындан тышкары, райондун жаш мугалимдерин колдоо максатында 19 мугалимге акчалай сыйлык тапшырды.

Андан соң, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысы Алтынбек Намазалиев райондун мугалимдерин куттуктап, өсүп келе жаткан муунду окутуу жана тарбиялоо иштерине кошкон жеке салымы, өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен үлгүлүү аткарып, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнү кесиптик майрамына карата өз эмгегинде өзгөчөлөнгөн мугалимдерге Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасын тапшырды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү концерттик программа менен коштолуп, сый тамак тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×