Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 08.10.2018 13:37 На русском

«Майып арабадагы бий»: Жолдошу да жол кырсыкка кабылып каза болгон Г.Дүйшөнованын сахнадагы ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын 41 жаштагы тургуну Гүлзар Дүйшөнова мындан 11 жыл мурун жол кырсыкка кабылып, анын кесепетинен баспай калган. Бирок бутум баспайт деп өзүн таштап койбостон котормочулук менен алектенип, 2 баласын багып, коомдук иштердин арты менен Японияга чейин барып келген. Ал жакында эле өткөн «Майып арабадагы бий» сынагында 1-орунду алды. Ушул абалына да шүгүр келтирип, алдынан чыккан кыйынчылыкты жеӊип келе жаткан каарманыбыздан аймактык кабарчы кабар алды.

Бийлегенди жанымдан артык көрөр элем

- Ооба, мен анда деним сак болчу. Бийлегенди, шайтан араба тепкенди жанымдан артык көрөр элем. Эмнегедир абдан жакчу. Эсимде, баспай калганда жолдошум өкүнүп, «Мейли эми, бийлебесеӊ деле мейли, болгону басып кетсеӊ болот эле» деп айткан эле.

Сүрдөдүм, толкундандым, бирок өзүмдү бактылуу сездим

- Сахнада бийлеген башкача болот экен. Сөз менен айтып жеткире албайм. Бир четинен аябай толкундоо болду. Спорт ордосунун чоӊ сахнасына биринчи жолу чыктым. Сүрдөдүм, толкундандым, бирок өзүмдү бактылуу сездим. Сахнанын сыйкыры бар экен. Өзүм да уюштуруу комитетине жардам берип, кечке ары-бери жүргөнгө чарчап калыптырмын. 1-орунду алганымды укканда түш көрүп жаткандай болдум. Анча-мынча каталарым болгонун кийин видеодон көрдүм. Антсе да, сахнадан көргөн жакын адамдарым «сонун болду, "Титаник" бул жакта калды, укмуштуудай романтика болду» деп кубаттап жатышты. Анда мен «Оловянные солдатики» аттуу вен вальсын бийлеп чыккам.

«Бий – баардыгы үчүн»

- «Бий – баардыгы үчүн» — пилоттук долбоор. Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлдү. Аны Айнура Тилегушова жетектеди. Ал өзү дагы майып арабада отурат. А, негизи аталган долбоор Финляндиянын коомдук фондунан башталган. Ал фонд 6-7 жылдан бери атайын гала-концерт уюштуруп келет. Былтыр мен ырдап чыккан болчумун.

Бизге Артур жана Яна аттуу эки хореограф бий үйрөтүштү. Алар менен бирге 2 айдан ашык убакыт машыктык. Негизи биз атайын хореографдарды чакырып, жарыя кылганбыз. Ошондо ушул Яна менен Артур өздөрү кызыкдар болуп, бизге бий үйрөтөбүз деп келип калышты. Ошондо Яна «Өздөрү майып арабада отурса, кандай бий болуп калат? Аларды шылдыӊ кылгансып бийлеткен болобу? деп ойлогом. Көрсө башкача турбайбы» деп айтты. Хореографтар бул машыктыруу алар үчүн чоӊ тажрыйба болгонун жашырышкан жок. Алар бизге бий үйрөтөрдүн алдында биздин майып арабаларыбызга отуруп, абалыбызды сезгенге аракет кылышты. Майып араба менен ары айланып, бери айланып, биздин ордубузга өздөрүн коюп көрүп, ошого жараша бийлерди үйрөтүштү.

Бий — бул ден соолукка да чоң пайда экен

- Мурда музыка же бий десе аларды жеӊил көрүп, жөн гана кабыл алчу экенмин. Музыка менен бийдин өзүнчө дүйнөсү бар экен. Ритмди сезип, ошону менен кыймылдаганды, ар бир бийдин, ар бир кыймылдын маанисин сездим. Бий жөн гана өнөрдүн бири эмес, бул ден соолукка да чоӊ пайдалуу экен. Бийдин алдында спортчулардай эле колу-бутуӊду жумшартып, эрежелерди жасайсыӊ. Белди түз кармаганды үйрөндүм. Бийлегенде муундарга, моюнга, тарамыштарга аябай пайдасы чоӊ экен. Бийден кийин денеӊ оорубай, тескерисинче жеӊилдикти сездим. Көӊүлүӊ да көтөрүлүп, жакшы маанайда болуп жаттым.

Ушуга да шүгүр, эл арасында жүрөм, иштеп жатам…

- Котормочу болуп, бир белгилүү компанияда иштеп жатам. Орус тилинен кыргыз тилине котором. Ал эми ден соолук жактан баягыдай эле. Дарыгерлерге деле кайрылган жокмун. Эми андан эч кандай пайда деле жок болуп калды. Үмүттөнүп күтүп, убакыт коротконго караганда кудай берген жашоону жашай берейин деп жашап жатам. Ушуга да шүгүр, эл арасында жүрөм, иштеп жатам.

Гүлзар Дүйшөнова буга чейин өзү тууралуу Turmush басылмасына кенен маалымат берип, жолдошу да жол кырсыгына кабылып, каза болгондугун билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×