Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 11.10.2018 16:21 На русском

«Унаа ушул жерде турат деп кат келди»: Бир туугандардын атасы балдарынын сырдуу жоголушун айтып берди

Turmush -  Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон жаш жигит менен 2 кыз изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге А.А. аттуу адам кайрылып, 2000-жылы туулган уулу Султанов Ырысбек Максүталиевичти, 1999-жылы туулган кызы Максүталы кызы Альбинаны жана 2001-жылы туулган тууганы Канат кызы Алинаны табууга жардам сураган. Алар 17-сентябрда Аламүдүн районунун Кырман конушунун Мадиев көчөсүндөгү үйдөн кочкул көк түстөгү «Мерседес-Бенц 210» үлгүсүндөгү унаа менен чыгып кеткен боюнча кайрылып келишкен эмес. Кийин аталган унаа Келечек жаңы конушунан табылып, бирок жоголгон өспүрүмдөр дайынсыз бойдон калган.

Дайынсыз жоголуп, изделип жаткан бир туугандар — Альбина менен Ырысбектин атасы Максат: «Уулум менен кызым студент. Булардан сырткары дагы бир балам бар. Алина бизге жакын тууган. Балдарыма бөлө болот. Биз уктап жатканда үчөө акырын чыгып, унааны айдап кетишиптир. Кандай максатта чыгып кеткенин билбей жатабыз. Окуган жерине чейин барып, мугалимдерине жолуксак, алар да таӊ калып жатышат. Мен өзүм да шок болуп жатам. Себеби, мурда мындай көрүнүш болчу эмес.

Кызым Альбина косметика саткан фирмада иштеген. Өткөндө жоголду деп жарыя кылганда, бирөө социалдык тармактардан "кызыӊызга окшош бирөөнү Москвадан көрдүк" деп жазган. Мен андан жакшылап сурасам, жооп болгон жок. Милиция кызматкерлери издеп жатышат. Биз дагы туугандарыбыз болуп издеп жатабыз», - деди ал.

Бир туугандар айдап кеткен унаа Максатка таандык болгон.

«Унааны Келечек жаӊы конушунан таптык. Бирок эшигин ачпай, дароо милиция кызматкерлерин чакырып, андан кийин ачтык. Алар сүрөткө тартып, кароодон өткөрүштү. Биздин уюлдук телефонубузга чоочун номур менен "унаа ушул жерде турат" деп кат жазып жиберишиптир. Ким жазганы белгисиз. Ал номур ошол эле учурда өчүк болуп калды. Ошол бойдон күйгөн жок. Социалдык тармактардан бирөө "уулу акча карыз эле" деп комментарий жазыптыр. Мен ага да жаздым. "Канча карыз эле, мен берейин" дедим. Негизи уулум андай бала эмес. Тарбиялуу. Үйдөн дайыма ага жетиштүү акча берип турчумун. Жолуна, тамагына дайыма акча алып кетчү. Кээде спорттук машыгуу залына да барып турчу. Өзүмдүн деле зыяным эч кимге тийген эмес эле. Эч кимди капа кылган эмес элем. Эмне болуп кетти түшүнбөй турабыз.

Менин милиция кызматкерлерине эч кандай нааразычылыгым жок. Болгону жоголгон адамды издөөдө мыйзамдын чийки жерлери бар экен. Мисалы, жанагындай телефондон кат келгенде ошол замат аны текшере алышпайт экен. Бирөөнүн номурун же телефонун текшериш үчүн соттун чечими керек экен. Ал эми соттун чечими келгиче кеч болуп калышы мүмкүн да. Эгер номурду дароо текшерүүгө алса, из табылат беле?», - деди ал.

Султанов Ырысбек Максүталиевичтин белгилери: боюнун узундугу 160-162 см, арык дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң түстө.

Максүталы кызы Альбинанын белгилери: боюнун узундугу 150-155 см, арык дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң түстө. Өзгөчө белгиси — денесинде аппендицитке жасалган операциядан калган тагы бар.

Канат кызы Алинанын белгилери: боюнун узундугу 150-155 см, орто дене түзүлүштө, чачынын, көзүнүн өңү кара-күрөң түстө.

Милиция аталган адамдар жөнүндө маалымат билгендер болсо Аламүдүн РИИБге 0(312) 36-35-27, 0(312)36-35-23, 0(550) 51-09-05, 0(704) 31-25-05, 0(552) 90-91-63 же 102 номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×