Turmush —
Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №19 бала бакча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Достук айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, бала бакча 240 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө анда 149 бала тарбияланууда. Имараттын бир корпусу 1968-жылы, экинчи корпусу 1980-жылы курулган.