Turmush — Талас облусундагы Киров суу сактагычынан синтетикалык торлор алынды. Бул тууралуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Тынычбек Жумабеков кабарлды.
Маалыматка караганда, Киров суу сактагычында рейд уюштурулду. Рейд таңкы саат 5:00 до башталып, анын максаты мыйзамсыз балык уулоого чыккандарды аныктоо болгон. Рейд учурунда суу сактагычка коюлган синтетикалык тор алынды.
«Балык улоого учурда 3 жылга тыюу салынган. Өзгөчө жаз убагында азыр балыктар урук чачкан мезгилде мыйзамга баш ийбей балык кармап жаткандарга жол бербөө максатында ушундай иш-чараларды өткөрүп, алдын алып жатабыз», - деди ал.