Turmush — Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 1988-жылы туулган жигиттери, 2006-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектепти аяктаганына 20 жыл толгон мааракеге карата өзгөчө демилге көтөрүштү. Алар айылдын кийинки муундарына белек катары чакан эс алуу багын куруп беришкенин аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, бул иш толугу менен алардын өз демилгеси жана жеке каражатынын эсебинен жүзөгө ашты. Жалпы чыгым 2 миллион 200 миң сомдон ашкан. Жигиттер парктын ордун айыл тургундарынын бири менен макулдашып алып, аймакты толугу менен тазалап, топурак төгүп, көрктөндүрүштү.
Паркка балаты жана ак кайың көчөттөрү отургузулуп, айланасы тосулду. Учурда заманбап тамчылатып сугаруу системасы да орнотулуп жатат.
Бул паркты негизинен “Б” класстын бүтүрүүчүлөрү курду. Алар 16 жигит болчу. Тилекке каршы, алардын үчөө дүйнөдөн өтүп кеткен. Калган 13 жигит бул эмгекти каза болгон досторунун элесине арнап жасашты. Мындан тышкары, алар президенттин “Жашыл мурас” программасын колдоону да максат кылышкан.
Ишке айыл тургундары да кайдыгер карабай, активдүү катышып, бак отургузууга көмөк көрсөтүштү. Ошондой эле бул жигиттерге билим берген мугалимдери — башталгыч класстагы жетекчиси Калыйкан Рыспаева жана жогорку класстардагы мугалими Шарипа Үскөнбаева да келип, кол кабыш кылышты.
«Бул парк биримдиктин, достуктун жана унутулгус элестин символу болуп калды. Мындай демилгелер келечек муундар үчүн чоң үлгү болору шексиз», — дешет алар.