Turmush — Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагынын тургуну уулу 2024-жылы куру доомат менен кармалганын айтып, президентке кайрылды.
Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында кечээ, 15-апрелде Ноокат районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Өзүн Вазийпа деп тааныштырган жарандын айтымында, 1994-жылы туулган уулу окууну бүтүрүп келип, райондук ички иштер бөлүмүнө жумушка кирген. Иштегенине аз убакыт болгондо кармалган.
«Подстава" кылып коюшту. Мойнуна албай, 6 ай камалды жалган-жалаа менен. Унаасына акча салып коюшкан. Тергөөгө жаңы эле кирген эле. Биз — ата-энеси элдин коюн топтоп, баккан адамдарбыз. Акыйкаттыкты талашып, моюнуна албай...», - деди ал.
Президент Ички иштер министрлигинин өкүлүнөн иш боюнча сурады.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Бийбосунов сөз Көк-Жар айылдык милициясындагы окуя боюнча болуп жатат.
«Кечээ да маселе көтөрүлгөн. Көк-Жар айылында айылдык милиция бөлүмчөсү бар. Социалдык тармактарга жетекчи баарынан акча топтоп, пара талап кылганы тарап кеткен. Тергөө жүргүзүп, материалдын бардыгы сотко кеткен. 7 кызматкерге айыбы угузулган. Бул кишинин баласы арасында», - деди ал.
Учурда аталган милиция кызмматкери эркиндикте экени белгилүү болду.
«Чыкты, миллионду төктүк. Үй сала турган жерибизди сатып, балам азыр кой кайтарып жүрөт ыйлап. Чындыкты талашкан адамдарбыз. Өзүбүз койчуманбыз», - деди прездентке кайрылган аял.
Садыр Жапаров сот органдарына адилеттүү териштирип, калыс чечим чыгаруу керектигин айтты.
--------------------------------------------------------------------
2024-жылдын 22-ноябрында Turmush басылмасы Ноокат РИИБдин К.Асранов атындагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Темур Абдисатар уулу менен Ноокат РИИБдин башчысы Талгат Өскөналиевдин жаңжалы бир нече жетекчини кызматтан алуу менен аяктаганын жазган.
Абдисатар уулу жетекчи куугунтуктап жатканын айтса, Өскөналиев аталган кызматкерге кызматтык тартиптик чара көрүп, ачылбай турган кылмыштарды ачуу тууралуу эскертүү бергенден кийин таарыныч башталганын айткан.
Тимур Абдисатар уулу кайрылуусунда жетекчиси Талгат Өскөналиевдин куугунтуктоосу эмнеден башталганын айткан.
«Мен чындыкты айтканым үчүн жакпай жатам. Мисалы башка жакта бир кызматкери пара алса, жетекчиси дароо кызматтан кетет. Бизде бул жетекчи келгенден бери 3 кызматкер пара менен кармалды. Эмнеге чара көрүлгөн жок?
Эмнеге куугунтуктап жатканы боюнча 2-3 эле факты айтайын. "ПОМдун ичине эмнеге жылуулук киргизбейсиң?" дейт. Аны киргизүүгө 300 миң сомдой акча каражаты кетет. Ал каражатты өзүмдүн жанымдан же демөөрчү таап киргизишим керек экен. Андан сырткары "кылмыштарды каттабагыла, ачылып калса гана каттагыла, райондун проценти түшүп кетет" деп каттатпайт. Милиция күнүнө, милициянын 100 жылдыгына журнал чыгат деп баарынан акча жыйнады. Жеке маселелерин чечүүдө, бирөөлөрдү сыйлаганда акча жыйнадым. Мындай мыйзамсыз иштери көп», - деген ал.
Ал эми Талгат Өскөналиев: «Майор Абдисатар уулу 2020-жылдан бери Көк-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы болуп иштейт. А мен 2022-жылы келгем. Видео кайрылуу чыгарардан мурун кабинетиме келип, "сүйлөшүп алалы видеокамераңызды өчүрүңүз" деди. Мен өчүргөн жокмун. Анан "мен сага ачык согуш жарыялайм" дегенинен, "макул, жасай бер, менин алдымда шайлоонун тынчтыгын камсыз кылуу иши турат" деп койгом. Анын негизги таарынычы азыр так эмес. Бирок аныкташыбызча массалык башаламандыкка шектүү деп кармалган ноокаттык активист менен байланышы бар экен. Ошол камалганына таарынычы бар экен.
Ошондой эле 35 кылмыш иш ачылбай турат. Иштебеген бүт кызматкерлердин катарында ага дагы тартиптик жаза берилген. Ошону бербешим керек экен. Бул экинчи таарынычы.
Бул кызматкердин үстүнөн буга чейин 2 арыз жазылган. Бири Ош шаарында иштеп жүргөн учурдагы мыйзамсыз иши. Биринде арызданып келген жаранды уруп, экспертизадан аныкталган иши турат», - деген.
Андан кийин Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысын башка милиция кызматкерлери да колдогон. Алар ИИМдин жетекчилиге кайрылуу жолдогон. Анда 16 милиционер өз пикирин билдирген.
ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринен турган комиссия Ноокат райондук милициясында болгон окуя боюнча текшерүү жүргүзүп, чечим кабыл алынган.
1. Ош ОИИБдин Ноокат РИИБдин К.Асранов атындагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Темур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулган;
2. Ноокат РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Талгат Өскөналиев ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган;
3. Ноокат РИИБдин башчысынын орун басары, ал эле коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Алмазбек Исраилов ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган;
4. Ноокат РИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары, милициянын подполковниги Бактияр Абдиев ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган;
5. Ноокат РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын уруксат берүү системасы боюнча тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Аскар уулу Акжол ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган;
6. Ош ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Асан Сатаров ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган;
7. Ош ОИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары, милициянын полковниги Ашырбек Ахуновго кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы берилген;
8. Ош ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Эрнист Бекташовго катуу сөгүш тартиптик жазасы берилген;
9. Ош ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын полковниги Нургазы Увалиевге катуу сөгүш тартиптик жазасы берилген;
10. Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Нурланбек Буркановго катуу сөгүш тартиптик жазасы берилген;
11. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Улукбек Жамановго сөгүш тартиптик жазасы берилген;
12. Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Таалайбек Алымовго катуу сөгүш тартиптик жазасы берилген.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Т.А.уулу Ноокат райондук сотунун 2025-жылдын 30-декабрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) менен айыптуу деп табылып, 5,5 жыл абакка кесилгенин билдирген.
Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 5 кызматкери жана нөөмөтчүнүн жардамчысы ушул ишке тиешелүү кармалышкан.
1). М.Н.О. Кылмыш-жаза кодексинин 40-беренеси (кылмышты аткаруучу), 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (адамдардын тобу тарабынан пара алуу) менен күнѳѳсүз деп табылып, анын жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.
2). Н.З.А. Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесинин 1-бөлүгү (кылмышты жаап-жашыруу) менен күнѳѳсүз деп табылып, анын жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.
3). М. уулу Б. Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесинин 1-бөлүгү (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнѳѳсүз деп табылып, анын жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.
4). М.А.М., Х. уулу Т. жана М. уулу Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесинин 1-бөлүгү (кылмышты жаап-жашыруу) менен күнөөлү деп табылып, бул боюнча ар бири 6 айга эркиндигинен ажыратылган.
5). Т.А. уулу Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же кылмыштын аткарылышына жетекчилик кылган адам), 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (адамдардын тобу тарабынан пара алуу), 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен бийликтен аша чабуу), 337-беренесинин 2-бөлүгү (өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) менен күнѳѳлү деп табылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза дайындалбасын, кылмыш жаза жоопкерчилигинен бошотулган;
Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча мүлкүн конфискациялоо менен, 3 жылдык мөөнөткө Ички иштер министрлигинде иштөө укугунан ажыратуу менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган;
Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча мүлкүн конфискациялоо менен, 3 жылдык мөөнөткө Ички иштер министрлигинде иштөө укугунан ажыратуу менен 2 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүбоюнча мүлкүн конфискациялоо менен, 3 жылдык мөөнөткө Ички иштер министрлигинде иштөө укугунан ажыратуу менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесине (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) ылайык, дайындалган жазаларды жарым-жартылай кошуу менен биртоло мүлкүн конфискациялоо менен, 3 жылдык мөөнөткө Ички иштер министрлигинде иштөө укугунан ажыратуу менен 5 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.