Turmush — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 3 жаштагы бала сууга агып каза болду.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя 2026-жылдын 11-апрелинде Талдуу-Булак айылында болгон. 3 жаштагы бала айылдан өткөн Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинде ойноп жатып сууга агып кеткен. Ал дээрлик 1 чакырымдай алыс аралыкка агып барып, жансыз денесин жергиликтүү тургундар суудан алып чыгышкан.
Окуя милицияда каттоого алынып, маркум баланын жакындары арыз жазуудан баш тартышкан.
Бул маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы да тастыктады. Башкармалыктын маалыматы боюнча, бул быйыл жыл башынан бери сууга чөккөн төртүнчү учур. Алардын ичинен үчөө жашы жете элек балдар болгон.
Былтыркы жылы дубанда жарандар сууга чөккөн 9 учур орун алган. Мындан улам куткаруучулар ата-энелерди балдар суу жээктеринде жүргөндө кайдыгер болбоого чакырат.