Turmush — Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жакындары тарабынан аёосуз сабалды делген 4 жаштагы баланын окуясы боюнча териштирүү жүрүп жатат.
Маалым болгондой, окуя 10-апрелде райондун Үч-Коргон айыл аймагында болгон. Алгач социалдык тармактарга нарсте чоң энеси тарабынан ур-токмокко алынганы тууралуу маалымат тараган.
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ырысбек Бабаназаров Turmush басылмасына берген комментарийинде учурда баланын абалы туруктуу экенин, ишти милиция карап жатканын айтты.
«Окуя 10-апрель күнү болгон. Милицияга анын кошуналары кабарлап, бала чоң энеси тарабынан сабалганын айтышкан. Укук коргоо органдары жана социалдык кызматкерлер биргеликте иш алып барып жатышат. Тергөө аягына чыкканда гана так маалымат берилет.
Бул ишке психологдор да тартылып, алар бала менен сүйлөшкөндө кээде 6 жаштагы агасы урганын, кээде чоң энеси урганын айтты. Ошол күнү бала бейтапканага жаткырылган, учурда анын абалы туруктуу. Ал азыр апасы менен бирге Кош-Дөбө айыл аймагында тай энесинин үйүндө.
Негизи бул үй-бүлө социалдык жактан аз камсыз болгон, жакыр жашаган үй-бүлө. Алар 4 балага мамлекеттен жөлөк пул алып келет. Баланын атасы жаш кезинен ден соолугунан майыптыгы бар деп 16 миң сом пенсия алат. Чоң энесинин да 2-топтогу майыптыгы бар, ага да пенсия чегерилет. Сабалды делген 4 жаштагы бала үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжеси», - деди Бабаназаров.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы маалыматты тастыктап, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын, кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.
«Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну — 2022-жылы туулган М.У. аттуу баланын бети башы көк ала болуп жүргөндүгү тууралуу маалымат Аксы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан катталып, териштирүү иштери башталган», - деп айтылат маалыматта.