Turmush — Ак-Талаа районунда «Жылдын мыкты мугалими 2026» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы 2026» сынагынын райондук турунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, «Жылдын мыкты мугалими 2026» сынагына 18 орто мектептен 36 мугалим, «Жылдын мыкты тарбиячысы 2026» сынагына 16 тарбиячы катышты. Сынакта катышуучулардын портфолиосу «АИС мугалим» платформасына жүктөлдү. Тесттик сыноолордон өтүп, инновациялык ачык сабактарды көрсөтүп, педагогикалык чеберчиликтерин көрсөтүштү.
«Жылдын мыкты мугалими 2026» сынагынын облустук туруна жолдомо алган мугалимдер:
- Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Уулбек Дүйшөнкул.
- Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин биология мугалими Ширин Мамиева.
- Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Жазгүл Казиева.
- Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Айзада Бейшеналиева.
- Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинин химия мугалими Нурзат Жусупбекова.
- Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Сыргабек Артыкбаев.
- Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин математика мугалими Жанара Сасыкулова камсыздады.
«Жылдын мыкты тарбиячысы 2026» сынагынын облустук туруна жолдомо алган тарбиячылар:
- Баетов айылындагы «Тынчтык» балдар бакчасынын тарбиячысы Жазгүл Керимкулова,
- Кызыл-Белес айылындагы «Кадыралы» балдар бакчасынын тарбиячысы Алтынай Муратбек кызы.