Turmush — Кочкор райондук соту адам өмүрү кыйылган унаа кырсык боюнча айыпталган айдоочунун ишин карап чыкты. Turmush басылмасы иштин чоо-жайын баяндайт.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Айыпталуучу Бутабек (аты өзгөртүлдү Б.Б.К.) Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен айып тагылган.
Буга чейин 2025-жылдын 23-июлунда Нарын облусунун Бишкек—Баетов түнкү каттамындагы жүргүнчү ташыган автобус жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза болгону белгилүү болгон. Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкек—Нарын—Баетов түнкү каттамындагы жүргүнчү ташыган «Сетра» үлгүсүндөгү автобус Ак-Талаа районунун Баетов айылынан Бишкек шаарына чыгып, «Лексус ЕS» үлгүсүндөгү унаанын арткы оң бурчун сүзүп өтүп, андан болжол менен 1 чакырым аралыкка чейин барып, жолдун сол тарабындагы ээн жерге бурулуп, сүрүлүп барып токтогонуен кабарлаган. Автобус чайкалганда Баетов айылынын тургуну каза болгон.
Соттук отурумда айыпталуучу Бутабек ага коюлган айып боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. 2025-жылы 22-июль күнү кечки саат 21:30 чамасында өзү айдап жүргөн автобус менен Бишкек шаарынын автобекетинен Ак-Талаа районуна жүргүнчү адамдарды салып, таңкы саат 05:30 чамасында барган. Ал күнү кайра кечинде Бишкекке жүргүнчүлөрдү алып кетем деп ал жерде күндүз уктаган. Ошону менен Ак-Талаа районунун Баетов айылынын автобекетинен 22-июль кечки саат 19:30 чамаларынан өтүп калганда, сатылган билет боюнча 24 жүргүнчү адамды салып, андан сырткары билет албаган 3 жүргүнчү адамды салып, өзү менен жалпы 30га жакын адам болуп жолго чыгышкан.
Долон ашуусунан ылдый карай Кочкор районунун аймагына кирип келе жаткан учурда Кичи-Долон ашуусу тараптан автобус катуулап жүрө баштаган. Анын тормозун тепсе тормозу кармабай калган. Кайра-кайра тормозун тээп, автобусту жайлатканга аракет кылган. Бирок тормоз эч эле кармабай калганда кошумча тормоз (ручникти) тарткан. Ал деле автобустун жайлашына жардам бербегенде жүргүнчү адамдарга кармагычтарды кармап отуруу керектигин жол кырсык болушу мүмкүн экенин айткан. Долон ашуусуна чыга турчу чукул бурулуштан ылдый катуурак ылдамдыкта түшүп келе жатканда автобустун рулуна ээ боло албай, түздөп айдап кеткенге алы келбей калганда чогуу келе жаткан бөлөсү Сакешбайга автобустун рулун оң тарапка кармап, бурганга жардам сураган. Ал жардам берип жолго карама-каршы тилкеге түздөшкөн. Ошол учурда алдыда келе жаткан «Лексус» үлгүсүндөгү унаа арткы оң тарап «крылосунун» сүзүп, токтоно албай, 1-1,5 чакырым аралыкка чейин жүрүп барып, жолдун түндүк бетине сол тарабына рулду буруп, сүрүлүп барып, кичирээк аңга кирип, андан өтүп дагы сүрүлүп барып токтогон.
Автобусту токтотуу максатында ушундай жол менен токтотууга аракет кылган. Эгерде солго буруп кирип кетпегинде башка унаалар менен сүзүшүп, көп адамдар каза болушу мүмкүн болчу.
Автобусту 2025-жылы апрель айында атайын техникалык кароодон өткөргөн. Анда жүргүнчү адамдарды 2025-жылдын октябрь айына чейинки аралыкта ташып жүрүүгө техникалык жактан жооп бере турганы тастыкталган. Бирок эмне себептен тормозу кармабай калгандыгын түшүнбөйт. Бул окуяга өзүн күнөɵлүү деп эсептейт.
Ошол кырсыктан автобустун ичинен жүргүнчү катары келе жаткан, Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 1956-жылы туулган тургуну Шайлообү (аты өзгөртүлдү Ж.Ш.) аттуу аял автобустан сыртка ыргып кетип, алган жаракатынан улам ошол жерден каза болуп калган. Калган жүргүнчүлөрдүн кээ бирлери денелеринен алган жаракаттары боюнча Кочкор райондук ооруканасынын хирургия бɵлүмүнɵ келип, ал жерден кароодон өтүшкөн. Аларга кошо өзү да жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасында 8 күн жатып дарыланып чыккан. Автобус сүзүп кеткен «Лексус» үлгүсүндɵгү жеңил унаанын айдоочусу менен ɵз ара келишип элдешүү үчүн сүйлөшүп, маселени чечкен.
Ал эми кырсыкта каза болуп калган аялдын туугандары менен бүгүнкү күнгө чейин келише албай келет. Бирок маркумду акыркы сапарга узатуудагы чыгымдарын толук төлөп берген. Маркумдун кызы менен элдешүүгө көп аракет жасаган. Бирок кызы Бишкек шаарынан 1 бөлмөлүү батир алып берсе жана апамдын кредитин төлөп берсе тосмо арыз жазып берерин айтып жаткандыгын, бирок ал шарттарды аткара албай тургандыгын айтты. Ошол эле учурда коюлган күнөөнү толугу менен мойнуна аларын белгилеп, соттон ага жеңил жаза дайындоону суранды.
Маркум аялдын кызы да сотто көрсөтмө берди. Апасы ал күнү саат 19:30 чамасында Ак-Талаа районунун автобекетинен Баетов—Бишкек каттамындагы автобуска отурган. Автобус Долон ашуусунан Кочкор району тарапка түшүп келе жатып тормозу кармабай калып, Кичи-Долон ашуусу тараптан түнкү саат 23:30 чамасында жол кырсыгына кабылып, апасы сыртка ыргып кетип, алган жаракатынан улам ошол жерде каза болуп калган.
Аталган кырсык боюнча ал өз алдынча тактаган маалыматка боюнча, жол кырсыгына кабылган автобус ал күнү саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын автобекетинен Ак-Талаа районуна жүргүнчү адамдарды келип, негизи Ак-Талаа районуна Бишкек шаарынан чыга турган автобус кечки саат 19:00 чамаларынан өткөн учурда чыгыш керек болгон. Бирок ага карабастан 3 саат убакыт кармалып чыккан. Себеби ошол күнү саат 19:00 чамаларында Бишкек шаарынан Ак-Талаа районуна чыга турган, Бишкек шаарындагы автобекет менен келишим түзүп иштеген автобус бузулуп калгандыктан жолго чыга турган автобус жок болуп, ошол учурда эл Баетовго кетүү үчүн күтүп калгандыктан автобекетте иштеген жүргүнчү ташуу кызматынын башчысы И.М.К. бузулуп калган автобустун ордуна башка, жеке менчик болуп саналган, автобекет менен келишими жок, каттамда жок, жеке менчик катары иштеген автобустун айдоочусу Бутабекти табышып, аны Бишкек шаарынан Ак-Талаа районуна жүргүнчү адамдарды ташып алып барып кел деп сүйлөшүп жиберишкен.
Бул кырсык автобустун айдоочусу унаанын техникалык жактан толук кандуу жакшы карабагандыгы үчүн чыккан. Апасы өзү базарга чыгып соода кылып, майыптыгы бар инисин дагы бакчу. Кырсыктын кесепетинен апасы каза болуп, апасынын 2022-жылы банктан алган кредити төлөнбөй келет. Ошондуктан соттон айыпталуучуну апасы банктан алган кредитин төлөп берүүгө жана инисине шарты менен батир алып берүүгө милдеттендирүүнү суранып, мыйзам чегинде жаза белгилөөнү суранды.
Райондук соттун өкүмү:
Кочкор райондук соту 2026-жылдын 26-февралында иштин материалдарын карап чыгып, Бутабекти Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен күнөөлүү деп тапты. Ал 3 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же транспорт каражаттарын айдоо укугунан 2 жылга ажыратуу менен 7 жылга эркиндигинен ажыратылды. Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесине (белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу) ылайык жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөйт. Бирок ага Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесине (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) ылайык 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулду. Бутабектен маркум аялдын кызынын пайдасына 300 миң сом моралдык чыгым өндүрүлөт. Чыгымды 4 айдын ичинде төлөп берүү жагы милдеттендирилди.