Turmush — Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Гүлмира Кыштообаева дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Кыштообаева Гүлмира Алимбековна ээлеген ордунан бошотулуп, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал эми анын ордуна Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болуп Закирова Айгүл Демократовна дайындалды. Буга чейин ал салык тармагында эмгектенгени айтылууда.
Кыштообаева Гүлмира Алимбековна 1980-жылы 2-июнда туулган, 3 баланын энеси. 1997-2002-жылдары Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин социалдык-саясий илимдер факультетин аяктаган.