Turmush — Кечээ, 29-майда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында «Арашан» породасындагы кой-кочкорлор боюнча эл аралык көргөзмө болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.
Иш-чарада Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймактарынан алынып келген кой-кочкорлор көрсөтүлдү.
Кыргыз койчулар коомдук бирикмесинин жооптуу катчы Искендер Абдралиевдин айтымында, эл аралык көргөзмөдө Кара-Балтадан алынып келген «Великан» аттуу кочкор мыкты кочкор деп табылды.
Бул кочкордун салмагы 214 кг, боюнун узундугу 1 метр 3,5 см.
«Буга чейи Казакстанда көргөзмө өтүп, Талас өрөөнүнөн алынып барылган «Миллион» аттуу кочкор салмагы менен рекорд койгон. Анын салмагы 213 кг.
Негизи «Арашандын» китебине элита деп 140 кг салмактан жогоркуларды кошконбуз. Бирок, көргөзмөгө 155 кг салмактан жогорку кочкорлорду гана алып келүү макулдашылган», - деди ал.
«Великандын» ээси Абдужапар Таштановдун айтымында, бул кочкордун баасы 20 миң доллар.
«Өзбекстандан келген ишкерлер үйгө келип баалашарын айтышты. Бул азыр 5 жашта. Негизи эле бала кезден мал чарбага жакынмын. Ал эми «Арашанга» өткөнүмө 5 жылдай болду. Азыр мындан 50 баш мал бар», - деди ал.
Абдужапар Таштанов 1980-жылы туулган. 1993-жылы Тажикстандан Кара-Балта шаарына көчүп келген.
Көргөзмөнүн жыйынтыгы:
Абсолюттук салмак боюнча:
- 1-орун - «Великан», ээси Абдужапар Таштанов;
- 2-орун - «Белый», ээси Жээнбек Жекшеналиев;
- 3-орун - «Гектор», ээси Асхат Мамбетов.
Абсолюттук бой боюнча:
- 1-орун - «Великан», ээси Абдужапар Таштанов;
- 2-орун - «Крутой», ээси Максат Мыктыбеков;
- 3-орун - «Принц», ээси Кенжебек Бокоев.
Сымбаты боюнча:
- 1-орун - «Великан», ээси Абдужапар Таштанов;
- 2-орун - «Гектор», ээси Асхат Мамбетов;
- 3-орун - «Принц», ээси Кенжебек Бокоев.