Turmush — Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл аймагынын Мрамор айылындагы «Жаштар» сейил багы жарыктандырылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Гүлкайыр Элебесова билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү бюджеттен жарыктандыруу жана орнотууга 660 миң сом жумшалган.
«Былтыркы жылы сейил бакка таштамандарды төшөп, отургучтарды орнотконбуз. Быйыл майрамдар өтүүчү жайкы сахна, унаа токтоочу жай куруп, жарыктандырдык», - деди ал.