Turmush — 8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү менен куткаруучулар Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайында Рацек чокусунан бутун кокустатып алган туристке жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда,россиялык 29 жаштагы альпинистке медициналык жардам берген соң, саат 22:00дө жабырлануучуну алып Шаркыратма тилкесине жетишкен. Аны саат 23:50дө карата Рацек лагеринен түшүрүп, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришкен.